- ЭКОНОМИКА
- Элдин иш менен камсыз болушу – партиянын негизги иш багыты
Бул маселелерди чечүү үчүн биз түп тамырынан бери экономикалык өзгөрүүгө түрткү берген, мыйзам чегиндеги, салыктык, административдик, инвестициялык, финансы-кредиттик жана башка чаралар топтомуна таянабыз, алар түпкүлүгүндө келип жумуштуулукту камсыз кылууга жана эмгекчинин социалдык жактан коргоого алынышына өбөлгө түзөт.
- Өнөр жай
Кыргызстандын экономикасын түп тамыры менен кайра өзгөртүүнүн негизин айрым тармактар менен катар эле, жеңил өнөр жайын калыбына келтирүү жана сактоо түзө тургандыгына Партия ишенет.
Партия мындан тышкары дагы келечекте Кыргызстандын бардык өнөр жайы чийки заттарды өндүрүүдөн тартып, даяр буюмдарды жасоого чейинки максималдуу жыйынтыкталган экономикалык циклга айлануусу үчүн мыйзамдык, салык-бюджеттик, инвестициялык жана башка чөйрөлөрдө бардык аракеттерин көрөт.
Биздин бренд – өндүрүш үчүн өндүрүү!
- Чакан жана орто бизнес
Бул максатта партия төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- жарандарды социалдык колдоонун (көбүнчө жеңилдетилген шартта кредиттөө аркылуу) мамлекеттик жана регионалдык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жарандарга маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, бизнес ачуу жана аны жүргүзүү үчүн жайларды жана зарыл жабдууларды издөөдө жардам бере турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык- консультациялык жана юридикалык борборлорун ачуу;
«Ишеним» партиясы натыйжалуу, ачык жана түшүнүктүү кылуу менен лицензия-уруксат берүү саясатын жеңилдетет.
- II. СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨ
Билим берүү жана Илим
Билим берүү жана илим өлкөнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүндө маанилүү роль ойногон адам капиталын түзөт.
Ошону менен бирге эле, билим берүү системасы коомдун активдүү мүчөсүн, жоопкерчиликтүү жаранды жана ийгиликтүү кесипкөй адисти даярдоого багытталган.
Партия мындан тышкары дагы өз аракетин педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо борборлорун калыбына келтирүүгө жумшап, мыкты педагогдорду чет өлкөгө такшалууга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн издейт.
Жаңы жумуш орундары квалификациялуу кадрлар менен камсыз болууга тийиш!
- Экология
Табиятка аяр мамиле жасоо жана жогорку деңгээлдеги экологиялык стандарттар ар бир кыргызстандык үчүн жашоо нормасы болууга тийиш. Өз Мекенине зыян келтирбестен, аны урматтап, сүйө билүү керек.