Бул программа "Ынтымак" саясий партиясынын Кербен шаардык бөлүмү тарабынан Кербен шаарынын ар бир аймагынын өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле 2024-жылдан 2029-жылга чейин өлкө үчүн актуалдуу маселелерди эске алуу менен, ар бир аймактын өзгөчө көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Программа калктын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатын көздөйт.

 

  1. КЕРБЕН ШААРЫНЫН АЙМАКТАРЫН өнүктүрүүдөгү "ЫНТЫМАК" саясий партиясынын кЕРБЕН ШААРДЫК БӨЛҮМҮНҮН ролу:

"Ынтымак" саясий партиясы Шаардык Кеңеште көрсөтүлүп, аймактарды өнүктүрүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарын төмөнкүлөргө колдонот:

Мыйзамдарды алдыга жылдыруу, колдоо, анын ичинде:

Эркин жана калыс шайлоолорду камсыз кылуу; Коррупция менен күрөшүү; Адам укуктарын коргоо; Жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү; Чакан жана орто бизнести колдоо;

Айыл чарбасын өнүктүрүү; Билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун сапатын жогорулатуу; Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү;

Тең салмактуу аймактык өнүгүү.

 

  1. Аймактык артыкчылыктар жана долбоорлор:
    • Суу менен камсыздоо көйгөйүн чечүү: Ичүүчү суунун сапатын жана сугат суу камсыздоону жакшыртуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо.
    • Жумуш орундарын түзүү: Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жана логистикалык борборлорду түзүүгө басым жасоо менен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларынын жарманкелерин уюштуруу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу.
    • Шаардын аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүү: Коомдук транспорттун тармагын өнүктүрүү жана транспорттук инфраструктураны жакшыртуу,шаарга жаңы кошулган айылдардын ички жолдорун жакшыртуу, мектептерди , ооруканаларды куруу жана оңдоо.
    • Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти коргоо: Кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте программаларды түзүү.
    • "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" программасы боюнча инвестицияларды тартуу менен жеткиликтүү турак жай куруу: Программаны ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
    • Калктын жыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү: Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү.
    • Жумушсуздук менен күрөшүү жана кирешелердин деңгээлин жогорулатуу: Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, кесиптик окутуу жана кадрларды кайра даярдоо.
    • Социалдык жактан аярлуу катмарларды колдоо.
    • Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү: Экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү, суу ресурстарын коргоо, таштанды таштоочу жайды талапка ылайык келтирүү.
    • Туризмди өнүктүрүү: Бул багытта Кашка-Суу жана Боспиек аймактарындагы жолдордун сапатын жакшыртуу менен эс алуучу жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүп, башка мамлекеттердин жарандары менен эки тараптуу алаканы жакшыртуу. Жыл бою иштеген экологиялык жактан туруктуу туризмди өнүктүрүү, туристтик маршруттарды жайылтуу, жергиликтүү калкты туризм тармагындагы көндүмдөргө үйрөтүү.
    • Спортту өнүктүрүү: Келечек муундардын ден-соолугуна кам көрүү максатында аймактарда спорттук комплекстерди салуу, Кыргыз спорттук түрлөрүн өнүктүрүү, мезгил-мезгили менен спорттук иш-чараларды уюштуруу.