Лозунг: Мыйзамдуулук жана укуктук тартип учун
Эгерде депутат болуп шайлансам өзүмдүн күч -аракетимди:
- элдин бийлигинин үстөмдүгүн бекемдөөгө;
- кош стандарттар саясатына каршы турууга;
- коррупция жана уурдоо менен катаал күрөшүүгө;
- колдонуудагы мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды Конституцияга ылайык келтирүүгө;
- калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын чагылдырган мыйзамдарды иштеп чыгууга жана кабыл алууга;
- Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышына парламенттик контролду күчөтүүгө багыттайм.
ошондой эле:
- бардык күч-аракетимди, билимимди жана тажрыйбамды округдун шайлоочулары менен жемиштүү кызматташууга, алардын эркин жана кызыкчылыктарын коргоого;
- Жогорку Кеңештин сессияларына жана анын органдарынын жыйындарына активдүү катышууга, ар бир сессиядан кийин жергиликтүү ЖМКда жана интернет булактары аркылуу шайлоочуларды менин ишимдин жыйынтыктары менен тааныштырууга;
- көбүнчө калк менен жолугушууларды уюштурууга, жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кунт коюп угууга, өз округумдун аймагында жана жумуш ордумда жарандарды жеке кабыл алууга;
- шайлоо округунун аймагында жашаган шайлоочулардын 10% дан кем эмеси ишенбөөчүлүк көрсөткөн учурда депутаттык ыйгарым укуктарымды мөөнөтүнөн мурда жана өз ыктыярым менен токтотууга сөз берем