КР ЖК депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы
Депутат болуп шайлансам, төмөнкү маселелерди көтөрөм:
- Экономикалык реформаларды жасоо үчүн жаңы мыйзамдарды чыгаруу жана иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, азыркы жашоого ылайык келтирүү;
- Жеке ишкерлерди колдоо: салыктарды карап чыгып, алардын түрүн азайтуу, пайда алуу үчүн жеке ишкерлерге мөөнөт берүү жана салыктан бошотуу;
- Миграцияда жүргөн мигранттар үчүн өз өлкөсүндө иш жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн мыйзам даярдоо;
- Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү:
- Аз пайыздуу насыяларды берүү жолдорун жакшыртуу;
- Элди малдын асыл тукум пародалары менен камсыздоо;
- Жайыт мыйзамына өзгөртүү киргизүү;
- Дыйкандардын суу тартыштыгына түзүлгөн оор шарттарын оңдоо үчүн иш жүргүзүү;
- Сыртка сатылган суулардын баасын карап чыгуу. Суу - бул газ нефть сыяктуу бааланып, татыктуу баада сатылышы шарт. Себеби чеги жок, пайдасыз чет өлкөгө кетип жаткан сууларды максаттуу үчүн мыйзам иштеп чыгуу.
- Суу жыл өткөн сайын азаюда. Ошондуктан айыл жериндеги БСР, БДРлерди оңдоп-түзөп иштетүү зарыл;
- Советтер Союзу мезгилиндеги кудуктардын санын тактап, кайра иштетүүнү карап чыгып, жергиликтүү башкаруу бийлиги аркылуу КРдин Министрлер кабинетинен каражат бөлдүрүү керек;
- Экологияны жакшыртуу:
- Борборду ыштан, түтүндөн арылтуу;
- Шаардын жашылдандыруу программасын жакшыртуу;
- Элди электромобилдерге өткөрүүгө шарт түзүү;
- Шаардагы коомдук транспортторду газ менен иштетүү талабы менен менчикке сатуу. Бул кадам аркылуу транспортко кеткен каражат үнөмдөлөт жана бюджетке кошумча салык түшөт.
- Тоо-кендерди жана мунайзатты өндүрүү:
6.1 Тышка чыгып жаткан концентрат, рудаларды жөнгө салуу;
6.2 Тоо-кен ишканаларынын ишмердүүлүгүн карап чыгып, санын тактоо жана уруксат кагаздарын текшерүү;
6.3 Кыргыз мунайзат ишканаларынын иштерин текшерип, санын, өлкөгө түшкөн пайдасын тактоо;
6.4 “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишин жакшыртуу үчүн шарт түзүп, мыйзамга өзгөртүү киргизүү;
- Социалдык чөйрө жана саламаттыкты сактоо:
7.1 КРде төрөлгөн балдарга ата-энесинин жашоо-шартына карабай айына 1500-2000 сомдон төлөө керек. Кийинки муун мамлекеттин келечеги экендигин унутпашыбыз зарыл. Ден соолугу чың коом-күчтүү мамлекет.
7.2 Мугалимдердин, бала бакчада иштеген тарбиячылардын айлык-маянасын эки эсеге көбөйтүү;
7.3 Медицина кызматкерлеринин билимине, тажрыйбасына жана эмгегине жараша татыктуу эмгек акы менен камсыз кылуу;
7.4 Жаңы техникалык жабдыктар менен камсыздалган заманбап ооруканаларды куруу;
- Мен өзүм шайлоого бара жаткан Биринчи май районунун атын Турдакун Усубалиевдин атына өзгөртүүнү өз мезгилинде ЖКга сунуштагам. Бул сунушту колдоого Шаардык кеңештин депуттарын дагы чакырам.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)