Жуков Виталий Юрьевич
1961-жылы 31-октябрда Өзбек ССРинин Андижан шаарында туулган. 1971-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга, Ош шаарына көчүп келген. 1978-жылы Виталий Юрьевич Ташкенттеги электротехникалык байланыш институтуна тапшырып, аны 1983-жылы бүтүрүп келген.Жуков эмгек жолун көп каналдуу байланыш инженери болуп баштаган. Ал жөнөкөй инженерден телефон жана телеграф станциясынын цехинин башчысынын кызматына чейин жеткен.1991-1996-жылдары «Связь» кооперативин жетектеген.1996-жылдан бери туризм бизнеси менен алектенет, Ош шаарында алгачкы конок үйлөрүн ачкан.Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)