Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Тахир Насырович Мусаевдин программасы.
- Экономика:
- Мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу башкаруунун, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү.
- Региондордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
- Өнөр жайды өнүктүрүү.
- Бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыздоо.
- Инфраструктура:
- Мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын жана ишканалардын бири-бирин кайталаган функцияларын жоюу.
- Жаңы конуштарда шаардык инфраструктураны түзүү.
- Коомдук транспорт:
- Коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкени бөлүп берүү.
- Заманбап транспорттук түйүндөрдү куруу.
- Экология жана жашылдандыруу:
- Жеке сектордун газдаштыруусун тездетүү.
- Таштанды аянттарын таштандыларды сорттоону эске алуу менен эл аралык стандартка ылайык келтирүү.
- Жүк ташуучу автоунааларды шаардын борборуна кирүүгө тыюу салуу.
- Ирригацияны калыбына келтирүү.
- Жаңы парктарды түзүү (атап айтканда шаарларда).
- Бишкек, Ош шаарларында электр автобустарын ишке киргизүү.
- Коопсуздук:
- Бардык көчөлөрдө жана короолордо жарык берүүнү орнотуу.
- Күн батареялары менен айланма жолдо жарык орнотуу.
6. Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо:
- Азык-түлүк базарларын санитардык стандарттарга ылайык келтирүү.
- Жеткиликтүү спорттук жана интеллектуалдык секцияларды ачуу жолу менен окуучулардын ден соолугун чыңдоо системасын калыбына келтирүү.
- Сапаттуу, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардамды камсыздоо.
- Билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн социалдык турак жай куруу.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)