КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРДИН
ПРОГРАММАСЫ
- КРМС (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарты) системасына кайтуу (Азык-түлүктү фальсификациялоо үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү)
- Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо (айылды туруктуу өнүктүрүү программасы, ири айыл чарба жана мал чарба өндүрүшүнүн, ошондой эле айылдын социалдык инфраструктурасынын кайра жаралуусу)
- Таза суу маселесинин чечилиши
- Бааларды көзөмөлдөө (алып сатарлык бааларды токтотуу)
- Сугаруу жана дыйканчылык кылуу инновациялык (жаңылануу) системаларын киргизүү
- Катуу ооруган балдарды жана пенсионерлерди мамлекеттин эсебинен акысыз дарылоо
- Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү
- Улуттук маданиятты кайра жандандыруу (театр, китепкана, маданият үйлөрүнө колдоо көрсөтүү)
- Асыл тукум мал чарбаны өнүктүрүү боюнча селекционерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү
- Ээсиз калган жаныбарлар үчүн атайын жайларды түзүү
- Жеке сектор жана жаңы конуштарды газдаштыруу
- Энелик жана балалыкты колдоо (энелик капиталды жогорулатуу)
- Мугалим, дарыгер жана аскер кызматчыларынын айлык акысын көтөрүү жана жеңилдиктерди берүү
- Ирригациондук системаларын жакшыртуу жана жаныртуу
- Бишкектин бир кездеги жашыл шаар деген даңкын кайтаруу
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)