«Билимдин кыйрашы – улуттун кыйрашы!». Программамды ушул цитата менен баштайын деп чечтим. Биздин өлкөдө билим берүүгө жетиштүү көңүл бурулбай, мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы бааланбай жатат деп эсептейм. Билим – өлкөнүн өнүгүшүнүн, коомдун баалуулуктарынын жана маданий өсүштүн маанилүү критерийлеринин бири. Билим берүү менин программамдагы негизги багыттардын бири.
- Жаштар теорияга караганда практика аркылуу жакшыраак үйрөнүшөт. Ошондуктан мен «Практикага багытталган билим берүү процессин киргизүү жөнүндө» мыйзамды сунуштайм, анда студенттерге, практика учурунда упай алуу үчүн атайын күндөлүк берүүнү билдирет. Практиканын жетиштүү мөөнөтү жана жогорку балл алган учурда диплом менен бирге атайын сертификат берилет, ал иш берүүчүлөргө бүтүрүүчүнүн негизги тажрыйбасы бар-жоктугун аныктоого жардам берип, кызматкерлерди окутуу мөөнөтүн кыскартат.
- Кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин чечүү үчүн «Мыкты студенттерди чет мамлекеттерге окууга жөнөтүү жөнүндө» мыйзамды сунуштайм, бул мыйзамдын шарты боюнча чет өлкөдө окуп келген бүтүрүүчүлөр мамлекеттик органдарда 5 жылга чеин иштөөгө милдеттүү. Бул кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин жоюуга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, менин ишимдин маанилүү багыты "Экология" маселелери болот. Бул глобалдуу көйгөй, жана ага тийиштүү көңүл буруу зарыл. Анткени, экология ден соолуктан тышкары экономика жана туризм тармагына түздөн-түз таасирин тийгизет. Ал эми Кыргызстандын “Эко Туризмди” өнүктүрүү боюнча потенциалы чоң.
- Республикадагы азыркы экологдор менен окуу планын алдын ала макулдашуу менен «Экология» сабагын мектеп программасына кайтаруу.
- Жарандардын сабатсыздыгы экологиялык көйгөйлөрдүн булактарынын бири. Туура чагылдыруу менен биз экологиябызга олуттуу таасирин тийгизе алабыз. Ушул максатта “Экологиялык көйгөйлөрдү чагылдыруу үчүн мамлекеттик жана жеке менчик телекомпаниялар жана радиолор тарабынан эфирдик убакытты милдеттүү түрдө берүү жөнүндө” мыйзамды сунуштайм, бул калктын арасында экологияга болгон маанини жана кылдат мамилени жогорулатууга кызмат кылат.
- Айлана-чөйрөнү өнүктүрүүгө эл аралык кирешелерден түшкөн каражаттардын чыгымдалышына да көзөмөл болушу керек. Акыркы 15 жылдын ичинде эле Ысык-Көл облусунун экологиясын сактоо үчүн эл аралык уюмдардан 200 000 000 доллардан ашык каражат түшкөн, бирок ал каражат кайда жумшалганы ушул күнгө чейин белгисиз.
Андан сырткары, свердлов районунун тургундары менен дайыма жолугушуулар салтка айланышы керек деп эсептейм, анткени көйгөйлөрдү мобилдүү түрдө чечүү үчүн тургундар менен байланышта болуп, биргеликте иш алып баруу зарыл.
Менин ишмердүүлүгүм бул программа менен эле чектелбейт, тескерисинче, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө ачык болом жана адистерди, эксперттерди жана биригүүнү каалагандардын баарын чакырам!