
- Жерибиздин, элибиздин, өлкөбүздүн бүтүндүгүн жана кызыкчылыгын, атуулдарыбыздын мыйзамдуу укуктарын коргоо, сөз эркиндин камсыз кылуу;
- Элибизге, өлкөбүзгө пайдасын бере турган жаңы мыйзамдарды жазуу жана аларды ишке ашыруу;
- Бардык мыйзамдардын толук кандуу жана бирдей аткарылшын көзөмөлдөө;
- Шайлоочулардын наказдарын, атуулдардын кайрылууларын өз убагында изилдөө жана чечимдерди кабыл алуу. Шайлоочулар менен түз, жеткиликтүү жана туруктуу байланышты камсыздоо;
- Керектөөчүлөрдү жылуулук, электро энергия, газ, суу менен камсыздаган жана башка монополиттердин жетиштүү деңгээлде сапаттуу кызмат көрсөөтүүсүн, алардын кызмат акыларынын негизсиз көтөрүлүүсүнө жол бербөө максатында элдик көзөмөлдү уюштуруу;
- Элге көрсөтүлүүчү мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызматтардын сапатын жана алардын тариф саясатына көзөмөлдү күчөтүү;
- Экономика чөйрөсүндө эркин жана чыныгы аттандаштыкты өнүктүрүү, жеке менчикти коргоо, ишкерлердии колдоо.