Ар бир жарандын ден соолугу мамлекеттик саясатта артыкчылыктуу болуу керек. Өлкөнүн экономикалык, эл аралык, коопсуздук, өнөр жай чөйрөлөрүндөгү маселелерди дени сак калксыз чечилээрин элестетүү кыйын.

Медицина чөйрөсүндөгү айрым көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик органдардын калк менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу механизмдерин сунуштоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү зарыл. Ошондой эле электрондук маалымат базасын, электрондук рецептти жана жалпысынан электрондук саламаттыкты сактоону ишке ашыруу боюнча мамлекеттин аракеттерине жаңы дем берүүнү пландоо керек. Муну менен катар электрондук маалымат базасы дары-дармектердин көмүскө жүгүртүүсүн жоюуга, рынокту сапатсыз медициналык товарлардан жана контрабандалык товарлардан арылтууга шарт түзөт.

            Ошондой эле мезгилдин талабы жаңы эрежелерге муктаж, мыйзамда ал талапка атайын ылайыктуу өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Ар бир жаран өз ден соолугун коргоо үчүн аракеттениши керек, ал эми мамлекеттин ролу жарандарга максималдуу түрүндө жардам берүүдө. Адамдарга мамлекеттик же жеке менчик ооруканада каалагандай жардам алуу үчүн ваучердик системаны киргизүү керек.

            Энеликти жана баланы коргоого өзгөчө маани берүү, алгачкы медициналык жардам алууда жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, оорулардын эрте диагностикасына көңүл буруу, дегеле ден соолукту чындоо тенденциясы.

            Бул менин келечекте  эл өкүлү катары алдыма койгон милдеттердин толук эмес тизмегим. Улуттун ден соолугун чыңдамайынча өлкөбүздө мындан ары өнүгүүсунө шарт түзүү кыйынга турат. Мен саламаттык сактоонун кызматкерлеринин бүтүндөй армиясынын таянычы болгум келет, анткени улуттун саламаттыгы бир гана мен үчүн эмес, ал жалпыбыз үчүн приоритеттүү!