Бишкек шаарынын Ленин районунун мыйзамдар жана өнүктүрүү программалары менен камсыздоо боюнча менин иш-аракеттерим:

Социалдык коргоо

Ленин районунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнү – өзгөчө жаш балдарга, майыптарга, кош бойлуу аялдарга жана карыларга медициналык тейлөөнү жакшыртуу. Баштапкы медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу. Медицина кызматкерлерин укуктарын, экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо

Инфраструктура, архитектура жана курулуш

Шаарда, айрыкча жаңы конуштарда мамлекеттик жана коомдук бала-бакчаларды куруу иштерин жүргүзүү. Балдар жана спорттук аянтчаларын куруу. Жолдорду оңдоо, тургундарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу.

Коопсуздук

Балдардын тамак-ашынын, дары-дармектеринин, балдар буюмдарынын жана тамак-аш продукцияларынын сапатын катуу көзөмөлгө алуу

Экономика

Саламаттык сактоо тармагына инвестиция тартуу. Медициналык туризмди өнүктүрүү

Шаар

Экологиялык кырдаал боюнча көзөмөлдү күчөтүү

Жаштар жана балдар

Медициналык мекемелердеги “кадрлардын жетишсиздигин” жоюу максатында жаш адистерди социалдык жактан колдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Сергек жашоо образын жайылтуу жана калыптандыруу