Бишкек шаарынын Ленин районун мыйзамдар жана өнүктүрүү программалары менен камсыздоо боюнча менин иш-аракеттерим:

 

Социалдык коргоо

Ленин районунун тургундарына  социалдык жардам көрсөтүү (пенсионерлер, майыптар, көп балалуу үй-бүлөлөр, аялдар, студенттер)

Инфраструктура, архитектура жана курулуш          

Шаардын заманбап инфраструктурасын түзүү (ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, транспорт, таза суу, жолдор, жашылдандыруу, жаратылыш газы, канализация, турак-жайлар)

 

Коопсуздук  

Коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатуу

 

Экономика  

Ишканаларды ачуу, кичи жана орто бизнести коргоо жана колдоо, жарандар үчүн жумуш орундарын түзүү. Мугалимдердин, дарыгерлердин, укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин айлык акыларын жогорулатуу

 

Шаар

Тазалык жана экологиялык көзөмөл. Жаңы конуштарды өнүктүрүү Ленин районунун тарыхый көрүнүшүн, эстеликтерди, бульварларды, скверлерди сактоо

 

Жаштар жана балдар      

Шаардын жаш муунун өстүрүү үчүн шарттарды түзүү (билим, илим, спорт, ийримдер, таалим тарбия берүү, Мекенди сүйүү)