1) Жогорку Кеңешинин мурунку чакырылыштарындагыдай эле шайлоочулар менен байланышты үзбөө;
- иштин жүрүшү жөнүндө отчет түрүндө алар менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү;
- алар менен маанилүү өзүм демилгелеген мыйзам долбоорлорун, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды талкуулоо;
- тигил же бул мыйзам долбоорлору жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча добуш бергенимди түшүндүрүү;
- жарандарды жана алардын арыздарын кабыл алуу үчүн коомдук кабылдаманы уюштуруу;
- Жогорку Кеңештин имаратында шайлоочуларды түз кабыл алуу күндөрүн маалымдоо;
- WhatsApp топторунда жана түз чалууларда шайлоочулар менен түз байланышты камсыз кылуу;
- шайлоочуларды жана алардын мектеп жана студент курагындагы балдарын түздөн-түз Жогорку Кеңештин жыйналыштарына чакырып туруу;
- шайлоочулар жана алардын балдары үчүн ар кандай конкурстарды жана спорттук мелдештерди уюштуруу;
2) элдин турмушун жакшыртууга, коомдогу социалдык-саясий жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мыйзам жана токтом долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле башка депутаттар жана КР Өкмөтү тарабынан киргизилген мыйзам жана токтомдордун долбоорлорун активдүү талкуулоо, бардык маселелер боюнча принципиалдуу добуш берүү.
3) Аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте бекитилген бюджеттик каражаттардын жана тартылган инвестициялардын эсебинен шайлоочулардын социалдык-тиричилик маселелерин чечүү менен активдүү алектенүү.
4) өлкөнүн социалдык, руханий, саясий жана экономикалык турмушунун бардык маселелеринде кесипкөйлүктү, патриоттуулукту, жарандык позицияны жана принципиалдуу жоопкерчиликти көрсөтүү.