Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты калктын – алардын шайлоочуларынын таламдарын коргоого милдеттүү.  Шайлоочулар менен мамлекеттик бийликтин ортосунда түз жана ачык байланыш түзүү. Алган турмуштук билимге жана тажрыйбага таянып, шайлоочуларымдын алдындагы жоопкерчиликти жана милдетти сезүү менен шайлоочулардын таламдарын коргоого бардык күч-аракетимди жумшоого милдеттенем!                                                       

Мен өлкөнүн калкынын арасында жана эл аралык аренада мамлекеттик бийликтин беделин чыцдоону жактаймын.                                                                               

Мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу, ошону менен бирге бул мыйзамдардын жана калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын чагылдырган чечимдердин аткарылышына парламенттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.                                                                       Социалдык коргоону камсыздоо боюнча мамлекеттик программалар иштеп, акыры райондун калкы үчүн сапаттуу жашоо шарттарын түзүүгө алып келиш керек.  Инвестицияларды тартуунун натыйжасы калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, улгайган адамдарды, көп балалуу энелерди жана райондун калкынын аярлуу катмарын социалдык жактан колдоо болуп саналат.

 Менин негизги милдеттерим:                                                                                                   

- Жогорку Кеңештин сессияларынын жана анын органдарынын жыйналыштарынын ишине активдүү катышууга.                                                                        

- жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстар аркылуу шайлоочуларды алардын ишинин натыйжалары менен тааныштыруу.               

 - коомдук пикирди жана шайлоочулардын мандаттарын эске алуу менен өзүмдүн шайлоо алдындагы программамды жүзөгө ашыруу.                                                                         

 - өз округумдун эн маанилүү социалдык проблемаларын чечүү.                                                           

 - калк менен жолугушууларды тез-тез уюштуруу.                                                                 

Эгерде шайланып калсам, жоопкерчиликти жана милдетимди сезип, райондун шайлоочулары менен жемиштүү кызматташып, алардын эркин билдирип, таламдарын коргоого болгон аракетимди жумшайм.                                                       

 Мен сиздерге ишенем!