1. Көптөгөн пенсионерлердин пенсиясынын өлчөмү жашоо минимумунун орточо деңгээлине туура келбейт, анткени ЖМОД 7912 сом болгондо, көптөгөн пенсионерлер 2500 сомдон 5000 сомго чейин пенсия ала алышат. Пенсионерлердин татыктуу карылыгын камсыз кылуу үчүн мыйзамдык деңгээлде МПМден пенсияны бир жарым эседен кем эмес дайындоону камсыз кылуучу ченемди бекитүү зарыл, б.а. "Бишкектин аймагында минималдуу пенсия 12 миң сомдун тегерегинде болушу керек"
  2. Калктын эң аялуу катмары баланы жалгыз баккан аялдар (баланын атасынын катышуусу жок). Мамлекеттен колдоо алыш учун, үй-бүлөдөгү бир адамга ай сайын киреше кепилденген минималдуу кирешеден аз болушу керек, башкача айтканда, 1000 сомдон төмөн болушу керек. Ошентип, жалгыз бой эненин "Үй-булоого комок" программасында каралган жөлөк пулду алууга дээрлик мүмкүнчүлүгү жок. Бардык социалдык программаларда жалгыз бой энелердин толук кандуу үй-бүлөлөр менен бирдей шартта иштөөгө жана үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, мындай ченемдер орун албашы керек.
  3. «Билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамынын 15-б. ылайык, мамлекет мектепке чейинки балдарды тарбиялоодо финансылык жана материалдык колдоо көрсөтүүгө кепилдик берет. Ал эми жогоруда аталган КР Мыйзамынын 16-б. ылайык, мамлекет жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында акысыз орто жалпы билим алуу укугун ишке ашырууну камсыз кылат. Бирок, буга карабастан мыйзамдын бул нормалары толук аткарылбай жатат. Ушуга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат адамдарынын жогоруда көрсөтүлгөн укуктарды бузгандыгы үчүн жазык жана административдик жоопкерчилигин так көрсөтүү зарыл.

4-ст. "КР жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жарандардын укуктарынын негизги принциптеринин бири болуп мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринин тармагын акысыз пайдалануу  болуп саналат. Ар бир 10 миң кыргызстандыкка 19 дарыгер туура келсе, мамлекет кантип мыйзамды аткарат? Бул маселени чечүү үчүн медициналык ЖОЖдордогу бюджеттик орундарды бир нече эсеге көбөйтүү зарыл. Калкты сапаттуу медициналык жардам менен камсыздоо программасын иштеп чыгуу (заманбап медициналык мекемелерди куруу, квалификациялуу медициналык кызматкерлерди даярдоо, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу).