Биз, Кыргызтандыктар, кандай коом болууну каалайбыз:
Коррупцияны токтоткон, жарандарды тең укукта коргоону камсыздаган көзөмөлдүн айкын механизмдери бар, маданияттын жана улуттардын түрлөрүн, тынчтыкта жанаша жашоону өнүктүргөн адилеттүү коом.
Теңдик, адилеттүүлүк жана ар бир жарандын укуктарын сыйлоо принциптеринде негизделген, социалдуу коом. Социалдык көзөмөлдүн механизми бар, керектүү кызматтардын ар бир жаранга жеткиликтүүлүгү бар.
Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык тең салмактуулук, экологиялык таза технологияларды жайылтуу жана туруктуу өнүгүү принциптери бар экологиялык коом. Жаратылыш ресурстарын коргогон жана жашоонун сапатын жакшырткан экосистемалар.
Жарандардын жашоосунун бардык деңгээлдеринде: экономикалык, саясий, социалдык, медициналык жана экологиялык укуктарын корголушун камсыздаган экологиялык коом. Өнүккөн коопсуздук системасы жана коргоо механизмдери менен коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик чек араны бекемдөө.
Билимдүү, кесипкөй жана сынчыл ой жүгүткөн жарандарды даярдаган билим берүү системасы өнүккөн коом. Ал бардык жарандарга, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бирдей мүмкүнчүлүктөр түзгөн болушу керек.
Өлкөнүн көз карандысыз жана эгемен болушуна умтулган коом. Экономикалык жана маданий ресурстарын башка өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга көз каранды болбогудай кылып өнүктүрүү керек.
Мамлекеттик программалары жана бюджеттер боюнча маалыматтары ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болгон башкаруунун ачык жана айкын системасы бар коом. Булар ар бир айылдын, райондун, областтын, шаардын жана жалпы эле жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык татыктуу жашоо укугун алуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырган баалуулуктар.