Менин шайлоо алдындагы платформам:
- Мамлекетке мыйзамдуулук, тартип жана стабилдүүлүк.
Элге коопсуздук жана бакубат жашоо.
- Саясий атаандаштарды издебей коррупция жана кылмыштуулук менен реалдуу күрөш жүргүзүү.
- Кадрлар баарын чечет!
Мамлекеттик жогорку кызматтарга кесипкей, тажрыйбалуу
гана кызматкерлерди дайындоо.
- Мамлекеттик органдардын жана чиновниктердин санын кескин кыскартуу үчүн мамлекеттик органдардарда реалдуу оптимизация жүргүзүү.
- Колдоого муктаж калктын аярлуу катмарын татыктуу жашоо шарт менен камсыз кылуу.
- Сот жана укук коргоо органдарын түп тамыры менен реформалоо. Реалдуу көз карандысыз сот бийлигин түзүү.
- Мамлекеттин коопсуздугунун башкы фактору - чек аралардын бекемдиги.
- Сөз эркиндигин камсыз кылуу!
Сөз эркиндиги-Кыргызстандын демократиялык, укуктук
мамлекет болуусунун негизги фактору.
- Бишкек шаары - шаардыктар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана узак жашоонун шаары болуу менен Кыргызстандын татыктуу борбору болушу зарыл.
- Эл мамлекет үчүн эмес, мамлекет эл үчүн кызмат кылыш керек.