Инфраструктураны өнүктүрүү
Жолдорду, суу менен камсыздоону жана канализацияны модернизациялоо боюнча долбоорлорду колдоо.
Билим берүү жана медициналык мекемелерди өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу.
Ишкердикти жана чакан бизнести колдоо:
Чакан ишкерлерди окутуу жана консалтинг программаларын колдоо.
Жашоочулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо үчүн жолдорду жана транспорттук инфраструктураны модернизациялоо.
Коомдук транспортту жана транспорттун экологиялык жактан таза түрлөрүн өнүктүрүү.
Санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана интернеттин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Билим берүү тармагындагы реформалар:
Райондун мектептеринде жана жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга аракет кылам. Студенттердин чыгармачылык потенциалын жана спорттук демилгелерин өнүктүрүү боюнча программаларды колдоо.
Билим берүү мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу, аларды заманбап жабдуулар жана кадрлар менен камсыздоо.Илим менен техниканын өнүгүшүнө салым кошкон илимий изилдөөлөрдү жана инновациялык долбоорлорду колдоо.
Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо:
Медициналык жардамдын жана дары-дармектердин жетишсиздиги менен күрөшүү боюнча программаларды жайылтуу.
Калктын аярлуу катмарын колдоо жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүү программалары.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жардам көрсөтүү программасын киргизүү.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын деңгээлин жогорулатуу.
Ардагерлерди жана пенсионерлерди колдоо программаларын иштеп чыгуу.
Экология жана жаратылышты коргоо:
Аймакта экологиялык абалды жакшыртуу боюнча программаларды ишке ашыруу.
Таштандыларды кайра иштетүүгө көмөктөшүү жана альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү.
Коррупция менен күрөшүү жана ачыктыкты жогорулатуу:
Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын көзөмөлдөөнүн ачык-айкын механизмдерин түзүү. Райондук жана республикалык деңгээлдеги коррупцияга каршы программаларды жана демилгелерди колдоо.
Жаштар саясатын өнүктүрүү:
Жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштар борборлорун өнүктүрүү.
Жаштардын профессионалдык жана маданий жактан өсүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.