Бишкек шаарынын Ленин районун мыйзамдар жана өнүктүрүү программалары менен камсыздоо боюнча менин иш-аракеттерим:

  1. Райондун жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу. Өзгөчө көңүл

жолдорду, жарыктандыруу жабдууларын оңдоп-түзөөгө жана жаңыртууга, коомдук транспортту жаңылоого жана парктар менен аянттарды көрктөндүрүүгө бурулат. Мында район калкынын жашоо-тиричилик шарттарынын жайлуулугун жана сапатын жакшыртуу негизги максат болуп саналат.

  1. Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Мектеп жабдууларын жаңыртуу, кошумча билим берүү жана кесиптик кайра даярдоо курстарын өнүктүрүүнү камтуу аркылуу билим берүүнүн инфратүзүмүн кеңейтүү жана жаңылоо пландалууда.
  2. Саламаттыкты сактоо. Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын

жакшыртуу, медициналык мекемелерди жаңылоо жана кеңейтүү, медициналык персоналдын квалификациясын жогорулатуу.

  1. Бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Ишкерликти өнүктүрүүгө жана инвестиция

тартууга, ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү.

  1. Курчап турган чөйрөнү коргоо. Райондогу жана жалпы эле шаардагы экологиялык

кырдаалды жакшыртуу, жашыл зоналарды көбөйтүү жана жаңы парктарды түзүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.

  1. Коопсуздук жана тартип. Райондун жашоочуларынын коопсуздук деңгээлин

жогорулатуу, коомдук тартипти чыңдоого көмөк көрсөтүү, укук коргоо органдары жана коомдук уюмдар менен кызматташуунун үстүндө иш жүргүзүү.

  1. Социалдык колдоо. Карыяларды, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, майыптыгы бар

адамдарды кошкондо калктын колдоого эң муктаж катмарын колдоо көрсөтүү жана жардам берүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.