«Бышык Кыргызстан»
Жогорку Кенештин ишмердигин жакшыртуу боюнча сунуштар
Депутаттардын чет өлкөлөргө чыгууларынын баардыгына сөзсүз түрдө отчет берүүнү киргизүү. Чакырылыштын соңунда депутаттын жыйынтыктоочу отчету видео- жана текст түрүндө.. Мен өз иши тууралуу ачык отчет бербеген депутатттын кийинки шайлоолорго катышууга жол бербеген мыйзамдын долбоорун иштеп чыгам.
Мамлекеттик саясат жана өнүгүүнү пландаштыруу
Мамлекетибиздин кылымдык жолундагы бардык ийгиликтердин жана жоготуулардын толук масштабдуу анализин жүргүзүү зарыл. Он жылдан он жылга өтүп, ар бир баскычта эмне болгонун эстөө керек. Эмне бар, алдыда дагы эмне кылуу керек экенин тизмелейли. Кандай ресурстар бар экенин, дагы кандайын табыш керектигин аныктайлы.
Бизге праймериз керек. Мындай түзүлүш биздеги жөндөмдүү башкаруучуларды аныктайт жана саясий элитаны жаңылантууга мүмкүндүк берет. Бул жөндөмдүү бирок акчасы жок көрүнө албай келаткандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.
Пландаштыруунун оптималдуу босогосун белгилөө керек, баягы советтик учурдагы беш жылдыктар сыяктуу. Өкмөттүн орточо курамы бир жылдан ашык убакыт иштеген шартта алдыга жыйырма жылдан ашык мезгилге максат коюу- такыр эчтеке койбогон менен эле барабар.
Бардык тармактар жана бүткүл адистиктер, кесиптер боюнча кадрлардын Мамлекеттик резервин түзүү зарыл.
Жетилүүнүн жана кезектеги кадамдардын мезгили
Бизге башкаруу системасын жакшыртуу бул турмуштук зарылдык. Болбосо биз дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнөн эле эмес, коңшулаш өлкөлөрдөн да артта кала беребиз.
“Жаш баланын”психологиясынан бошонуу керек. Кыргызстанга чындап жетилген мамлекет болууга убакыт жетти.