- Аткаруучу бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү.
- Шаар мэрлерин түз шайлоо.
- Митингдерди өткөрүүгө уруксат берүү.
- Президенттин жана Премьер-министрдин депутаттарга жана журналисттерге отчету, жарым жылда бир жолу түз эфирде.
- Калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо.
- Турмуштук оор кырдаалда турган аялдарга, жалгыз бой энелерге кесиптик билим берүү, квалификациясын жогорулатуу, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
- Калктын аялуу катмарындагы балдарды колдоо – балдардын Акыйкатчысы деген жаңы кызматты киргизүүнү демилгелөө. Аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алууга, саламаттыкты сактоого, тамактанууга жардам берүү үчүн волонтерлордун борборлорун түзүү.
- Социалдык турак-жайын куруу.
- Экологияны сактоо.
- Жылуулук мезгилине даярдык көрүү жана ЖЭБден келген көмүрдүн сапатын көзөмөлдөө.
- Сапаттуу көмүр сатып ала албаган жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү.
- Парктарды жана скверлерди коргоо жана сактоо боюнча Ленин районунун жана шаардын комиссиясын түзүү.
- Айлана-чөйрөнү сыйлоо маданиятын ишке ашыруу.
III. Борбордун инфраструктурасын жакшыртуу.
- Муниципалдык жерлерди жарандарга кайтарып берүү, өзгөчө парк аймактары.
- Ленин районундагы бардык курулуш объектилерин кайра карап чыгуу. Уруксат жок жерде курууга тыюу салуу.
- Тротуарларды куруу.
- Борбор калаанын ар бир районуна бирден стадион куруу.
- Чакан жана орто бизнести колдоо.
- Салыктык башкарууну жөнөкөйлөштүрүү.
- Кыйыр салыктарды тике салыктын пайдасына өткөруу.
- Салык кодексин ЧОБ жана ири бизнес үчүн бөлүү.
- Бажы жана салык кызматтарын санариптештирүү.
- Керексиз процедураларды, чектөөлөрдү, сертификаттарды, уруксаттарды, лицензияларды жокко чыгаруу...
- Бизнес кодексин кабыл алуу.