Менин максатым Бишкек шаарынын Ленин районунун тургундарын заманбап шаардык инфраструктура менен камсыз кылуу: жашылдандыруу, суу менен камсыз кылуу (ичүүчү жана сугат), жолдорду жол катмарынын жана жол түйүндөрүнүн сапатын жакшыртуу, Бишкек шаарынын Ленин району боюнча муниципалдык мектепке чейинки, мектептик, спорттук имараттарды куруу жана жакшыртуу.
Өз кезегимде Бишкек шаарынын Ленин районунун тургундарына мүмкүн болушунча социалдык жардам жана коргоо көрсөтүүгө милдеттенем, анткени "элибиз –биздин башкы байлыгыбыз"деген түшүнүктү карманам.
"Жаштар - биздин келечегибиз, өлкөбүздүн келечеги" Бишкек шаарынын Ленин району жаш муундарга да шарт түзүп, ал үчүн билим берүү борборлорун, ийримдерди, спорттук секцияларды көбөйтөбүз
Экологияны жакшыртууга болгон аракетимди жумшайм, элибиз таза шаарда жашап, таза аба менен дем алышы керек.
Бишкек шаарынын Ленин районунун тарыхый көрүнүшүн сактоо менен жаңы конуштарды өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча иш алып барам