- Күчтүү мамлекет түзүү.
а) Кыргыз мамлекетинин өзөгү - тарыхта.
Кыргыз элине таандык тарыхый архивдик документтерди эл аралык деңгээлде чогултуу. Биз Орто Азияда байыркы элбиз (Тарыхый фактылар айтып турат).
б) Кыргызстандын чегара маселесин тарыхка таянып чечүү.
в) Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу. Экономиканы көтөрүү, элдин аң-сезимин өнүктүрүү.
г) Билим тармагын өнүктүрүү жана аскердик күчтөндүрүү.
д) Өлкө үчүн жана мигранттар үчүн керектүү адистерди даярдоо жана эл үчүн туура багыт көрсөтүү.
- Түрк биримдиги.
Түрк тилдүү мамлекеттер менен тарыхый, маданий, Экономикалык алаканы кеңейтүү. Бири-бирине жардам көрсөтүү.
- Тил. Реформа жүргүзүү. Региондор аралык ынтымакты тил менен жакындатуу.
а) Өлкөнүн аймактар аралык диалектикалык сөздөрдү адабий тилге кошуу. (Баткен диалектиси байыркы тил)
б) Англис тилин окуу программада позициясын бекемдөө (Азыркы учурда Европа мамлекеттерине жана Америкага миграциялык агым күчөдү. Ошондуктан керектелет)
- Региондорду өнүктүрүү
а) Кыргызстандын бардык облустарындагы, айрыкча Баткен облусундагы ички жана тышкы миграциясына системдүү түрдө бөгөт коюу.
б) Ири жана чакан ишканаларды ачып, жаштарды иш менен камсыз кылуу. Мамлекеттик завод, фабрикаларды, ишканалардыачуу (Мегаком, Кыргыз Алтын ж.б)
5 Жумушчу классты өнүктүрүү жана бекемдөө, сактап калуу (Устачылык, жеңил өндүрүш тармагы). Тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу.