- Авиабилеттин баасын 6000 сомдон 3500 сомго чейин түшүрүү
Авиакаттам менен жүрүүгө элдин талабы чоң, бирок, тилекке каршы каттамдардын саны аз болгондуктан, билеттин баасы кымбат.
Биз каттамдардын санын көбөйтүүгө шарт түзүп билеттердин баасын 3500 сомго чейин түшүрө алабыз.
- 1 жыл ичинде чек-ара маселесин толук бүтүрүү
Кыргызстан менен Тажикистандын чек-арасы 970 км. түзөт. Азыркы учурда чек-аранын 90% аныкталып чечилди. 10%ы аныкталбаган чырдуу жер болуп эсептелинет. Мамлекеттин болгон күчүн чек-ара көйгөйүнө буруп, 1 жыл ичинде чечкенге толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени тынч аймакта гана экономикалык өнүгүү болушу мүмкүн.
- 5 000 жаңы жумуш орун түзүлөт
Мамлекеттен 1,5 млрд. сомду бөлдүрүп, ири жана кичи өнөр-жайларды, айыл-чарба продукциясын кайра иштеп чыгуучу ишканларды өнүктүрүү менен жаңы 5000 жумуш орун түзөбүз.
- Баткен – таза энергиянын аймагы
Элдин негизги байлыгы, бул – суу. Баткендин дарыяларында энергетикалык мүмкүнчүлүк чоң, анын ар биринде чакан ГЭСтерди курса болот. Чакан ГЭСтер Баткенди толук энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирет.
- Билимдүү жаштар – биздин келечек
Мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу жана иш алып барганга ынгайлуу шарттарды түзүү. Эскилиги жеткен мектеп, балабакчаларды жаңылоо жана заманбап имараттарды куруу.
- Дени сак эл – бактылуу эл
Айыл жергесинде сапаттуу медициналык приборлор жана врачтар жетишсиз. Бул маселени чечүү үчүн медицина тармагын толук реформалап, врачтардын айлык маянасын көтөрүп, социалдык жактан камсыздандырууну күчөтүү керек. Ооруканалардын материалдык-техникалык жабдуусун тез арада жаңыртуу зарыл.
- Ар бир айылда бирден спорттук комплекс
Жаштардын спортко болгон кызыгуусу өтө чоң, бирок, тилекке каршы жөндөмдүү жаштарыбыздын спорт менен машыгуусуна айыл жергесинде шарттар начар, же болбосо такыр эле жок. Ар бир айылда заманбап спорт аянтчаларын куруп, таланттуу жаш спортчулардын потенциалын ачуу зарыл, жана буга мүмкүнчүлүк бар.