Аймактагы жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү.
Жаратылыш газы менен камсыздоо
Айылдагы үйлөргө жаратылыш газын жеткирүү. Электр энергиясы тартыш болуп турган маалда жаратылыш газы альтернативалык булак болуп саналат. Газ түтүкчөлөрүн тартып, ар бир үйгө газ жеткирүү негизги маселе болуп турат.
Аймактагы жаштарды колдоо аларга жумуш ордун түзүү, багыт берип, ар тараптуу көмөктөшүү менен болот. Бул үчүн чакан бизнестерди ачууга инвесторлорду, долбоорлорду тартуу керек. Бул жол менен миграциянын агымын да азайтууга болот. Андан тышкары спорттук залдарды, футбол талааларын салып, алардын дени сак болушуна салым кошуу маанилүү.
Кыргызстанды улуу мамлекетке айландыра турган идеология ойлоп табуу зарыл. Уйкунун доору бүттү, ойгонуу керек!
Ынтымак, бир муштумга түйүлгөн Кыргызстанды куруу! Регионалдык, этностор жана диндер аралык бөлүнүүчүлүккө, араздашууга жол койбоо, алдын алуу чараларын көрүү. “Кыргызстан жараны” түшүнүгүн жайылтуу. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн, өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо жана чыңдоо;
Мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу. Кошуна өлкөлөр менен чек араларды аныктоо ишин бүтүрүү. Армияны белгилүү бир деңгээлге чейин адистештирүү, аймактык коргонуу күчтөрүн бекемдөө, аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак-жай көйгөйүн чечүү.
Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритет - чет өлкөлөрдө миллиондоп жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болууга тийиш;
Мектептердеги билим берүүнүн мазмунун замандын талабына ылайык жана келечекте дүйнөнүн өнүгүүсүн эске алуу менен окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруудагы формалдуулуктарды жоюу керек.
Кара-Суу районунда калк жыш жайгашкандыктан сан жагынан өтө көп болгондуктан турак жай маселеси курч көйгөйлүү маселелердин бири. Аны чечүүнүн жолу көп кабатту турак үйлөрду куруу зарыл. Мамлекеттик ипотекалык турак жай программасын тартуу керек.