Билим берүү - өнүккөн коомдун башаты
Кыргызстанда билим берүү системасын түп тамырынан өзгөртүү жана жаштарыбызды IТ билимин алууга өбөлгө түзүү.
Бала бакчада жана мектепте орус тили менен англис тили мугалимдерин көбөйтүү, аларды жогору айлык маяна, арзан пайыздагы ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу керек.
Либералдуу экономика. Ишкерлерге эркиндик
Ишкерлер үчүн мамлекеттик мекемелер тарабынан салыктын түрү азайтылышы жана аларга тийиштүү документтерди чогултууга бирдиктүү терезе түзүлүшү керек.
Айыл чарбаны колго алуу
Ар бир район жана айыл өкмөттөргө мамлекет тарабынан логистикалык борборлорду куруу керек.
Кыргызстанга ГЭС куруп, электр энергиясын өндүрүп, аны сыртка экспорттого шарт түзүү керек.
Коррупция өлкөнүн душманы. Ага каршы күрөш аесуз болуш керек
Айыл өкмөттөрдө, калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик мекемелерде коррупциялык схемаларды жоюу үчүн күчтүү мыйзамдарды кабыл алуу анын ичинде, тендерлерди өткөрүүнү туура жолго салуу керек.
Өлкөдө конституция, мыйзам гана кожоюн болуш керек
Сот, прокуратура органдары жөнүндө мыйзамдарды кайра карап чыгып, жер сатып, мамлекеттик, муниципалдык, менчик турак жай, жер тилкелерин саткан ууруларды жоопкерчиликке тартуу керек. Мамлекетти тоногон чиновниктерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамдарын мөөнөтү эскирбей тургандай кылып өзгөртүү керек.