Фамилиясы: Боронбаев
Аты: Денис
Атасынын аты: Купуевич
Талапкердин кыскача өмүр баяны: 1987-жылдын 16-март күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулганмын. 1995-жылы №37 Г. Айтиев орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2005-жылы №28 У.Салиева лицей мектеп интернатын 11-классын ийгиликтүү аяктадым. 2005-жылы Ош Технологиялык Университетинин ФКиТ факулыетинин окууга кирип, 2011-жылы окууну байланыш инжинер адистиги дипломуна ээ болдум. Азыркы убакта жеке ишкердик менен алектенем. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Атам: Боронбаев Купу - жеке ишкер, апам: Каратаева Каныкей - мугалим-учурда ардактуу эс алууда. Төлөйкөн айылынын жаштары менен биргеликте иш-чарага активдүү катышып келем. Үй-бүлөлүүмүн, учурда жубайым менен 3 уул 1 кызды тарбиялып, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз.
Мен жана менин бир туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган эмес, үчүнчү жак катары сот отурумдарына катышканы жок.