Депутаттык программасы:
- айылдын экономикалык-социалдык инфракструктурасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу жана көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү.
- Билим сапатты көтөрүү максатында окуу борборлор жана эл аралык долбоорлор менен иш алып баруу.
- Айылыбыздагы ар бир жашоочунун арыз жана кайрылуу, сунуштарын мамлекеттик мекемелерге жеткирүү жана чечүүгө көмөктөшүү.
- Айылыбызга мамлекеттик бюджет тарабынан бөлүнгөн проектилерди, акчаларды, жардамдарды комиссия түзүп, элдик көзөмөл (НАРОДНЫЙ КОНТРОЛЬ) жүргүзүү.
- Шайлоочулардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын айыл өкмөттө коргоо жана айылдык кеңеште шайлоочулардын маселелерин көтөрүү, айылдык кеңештин деңгээлиндеги туура чечимдерди жана укуктук актыларды чыгаруу;
- Айылыбызды өнүктүрөм деген жашоочулар менен биргеликте, экономикалык бизнес форумдарды өткөрүү.
- Ысырапкерчиликтин алдын-алуу максатында жашоочулар менен биргеликте иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
- Жашоочулар менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда ишенимдүү мамилени түзүүгө көмөктөшүү.