Список аильных ТИК >
Жайылская ТИК
>
Кызыл-Дыйканский айылный кенеш > №1 Петропавловский избирательный округ
ШЕРАЛИЕВА ЖАҢЫЛ ШЕРАЛИЕВНА
Депутаттык программасы
- Айылдын бюджетин кѳтѳрүү:
- айыл-чарба продукциясын чакан ишканаларды ачууга инвесторлорду тартуу (нан чыгаруу цехи, тигүүчү цехи ж.б.);
- бюджетке түшкѳн каражаттарды эл алдына отчет берип ачык, туура колдонуу;
- Айылдын инфраструктурасын оңдоо:
- «Таза суу» долбоорун киргизип суу кѳйгѳйүн грант же инвесторлор аркылуу тез арада келе жаткан 2024 жылда ишке ашыруу;
- айылдын ичиндеги арыктарды калыбына келтирүү;
- айылдын ичиндеги ар бир үйдѳгү таштандыларын чогултуп, аларды тѳгүү жумуштарын ишке ашыруу;
- ар бир кѳчѳгѳ аксакал дайындап тартип, тазалык жана башка кѳчѳ кѳйгѳлѳрүн чечүүгѳ милдеттендирүү;
- Совет, Фрунзе, Шевченко ж.б. кѳчѳлѳрдүн жолдорун оңдоо, тротуарларды калыбына келтирүү,
- Балдар үчүн эс алуучу оюн-зоок аянтчаларын куруу;
- айлана-чѳйрѳлѳрдү жашылдандыруу, айылдын паркын реконструкциялоо ж.б;
- Мугалимдердин, бала-бакча тарбиячылардын, медицина кызматкерлеринин даража барк статусун кѳтѳрүү:
- мектепке спорттук секция (футбол, баскетбол, күрѳш, шахмат ж.б.), кол ѳнѳрчүлүк, же башка факультативдерди ачуу;
- бала-бакчаны салуу долбоорун киргизип, грант же инвесторлор аркылуу ишке ашруу жана аны керектүү мебель, оюнчуктар менен камсыздоо;
- Муктаж үй-бүлѳѳлѳргѳ айыл ѳкмѳт тарабынан, инвесторлор аркылуу жардам кѳрсѳтүү:
- кары-картаң, инвалиддерге айыл ѳкмѳт тарабынан жана мектептеги окуучулардын тимурчулар отрядын түзүп жардам кѳрсѳтүү;
- аз камсыз болгон үй-бүлѳѳлѳргѳ колдоо кѳрсѳтүү.