Жунусалиева Салтанат Эрмекбаевна
Депутаттык программасы:
Мен Жунусалиева Салтанат 2023-жылдын 9-апрелинде өтө турган жергиликтүү Кеңештердин шайлоосуна Шекер айылдык Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатып, алдыга төмөндөгүдөй иш аракеттерди аткаруу милдетин коюп жатам.
- Шекер айыл аймагынын калктуу конуштарында инфраструктураны жакшыртуудагы жергиликтүү маанидеги иш алып барууда айыл өкмөт жетекчилери менен биргеликте аткарылуучу иштерге активдүү катышуу менен, аларга колдон келген жардамымды көрсөтүү.
- Айыл аймагы чегиндеги аярлуу катмардагы тургундарга жакындан көңүл бөлүү менен жардам берүү, алардын жашоо шарттарын оңдоо максатында (спорт тармагы, жөлөк пул, турак жай, жер аянтын алуу, сугат суусу ж.б.) тиешелүү иш аракеттерди аткаруу.
- Шекер айылынын жана айыл өкмөтүнүн карамагына караштуу мектеп , бала бакчаларына бак-дарактарды отургузуу жана жашылдандыруу, (жаш көчөт). Айылдын ичиндеги үй тиричилигинен чыккан таштандыларды жума сайын техника менен чыгаруу. Келишим негизинде (эки тараптуу).
- Айылдык инфраструктурасын оңдоо түзөө, өкмөтүн иш алып баруусуна жардам берүү, жаштар менен бирге айылды өнүктүрүү, коомдук иштерге активдүү катышуу менен айыл аймагынын өнүгүшү үчүн өз салымымды кошуу.
- Айыл өкмөт жетекчилери менен биргеликте Шекер айылындагы билим тармагы болгон мектеп, бала бакчада тарбияланып окуп билим алып жаткан, биздин эртеңки келечегибиз болгон жаш муундарга заманбап үлгүдөгү ыңгайлуу шарттарды үчүн татыктуу тарбия жана толук камдуу билим алышына болгон күч аракетимди жумшап ири проекттерди тартууну аракет кылам. Ошондой эле айылда жеке ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча ири жана чакан проекттер менен иштөөдө жаштарга колдоо көрсөтүү жана алар менен биргеликте иш алып баруу менин максатым.
- Депутаттык курам, айыл өкмөт жетекчилиги жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана биздин айылдын демилгечи топ курамдары менен биргеликте айыл аймагындагы ар бир алдыга кюолган иш аракеттерди ынтымак менен өз убагында туура жана так аткаруу максатында мүнкүнчүлүгүмдүн жетишинче аракет кылуу үчүн жергиликтүү
Кеңешине өз талапкердигимди койдум.