“Адилет” саясий партиясынын Нарын шаары боюнча кыскача шайлоо программасы:

Нарын шаарын өнүктүрүү программасы төмөнкү негизги багыттардан турат:

Муниципалдык кызматтардын сапаты жана жеткиликтулуугу,комуналдык кызмат корсотуунун сапатын которуу, жана тейлоо маданятын жогорулатуу.

Медициналык кызматтарды жакшыртуу үчүн. Шаардыктар үчүн медициналык жардамды ыңгайлуу жана убагында алуу максатында,тез жардам станциясын курдуруу боюнча иш алып баруу.

Билим берүү: Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, Бала-бакча салууга комок корсотуу

Социалдык колдоо:Аялдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды колдоо боюнча программаларды иштеп чыгуу, социалдык программаларды мындан ары өнүктүрүү.

Экономикалык өнүгүү: Жергиликтүү бизнеске колдоо:Инвестициялык долбоорлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Жумуш орундарын түзүү: Жаңы өндүрүштөргө жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартуу.

Туризмди өнүктүрүү:Туристтик маршруттарды түзүү жана жергиликтүү кызыктуу жерлерди өнүктүрүү,Инфраструктура жана транспорт

Коомдук транспорт: Жалпы транспорт системасын модернизациялоо, жүрүүчү каражаттарды жаңылоо, маршруттарды кеңейтүү жана транспорттун ар түрдүү түрлөрүн интеграциялоо.

Шаар тургундарынын жашоосуна жана эс алуусуна ынгайлуу шарт тузуу боюнча: Жалпы коомдук жайларды калыбына келтирүү жана жөнгө салуу программасын ишке ашыруу. Жашыл зоналардын санын көбөйтүү жана жаңы балдар жана спорт аянтчаларын түзүү(варкауд), парктарды түзүү,тунку жарыктарды жаныртуу,тратуар,аллеяларды жаныртуу жана ички жолдорду асфальтоо. Коп кабаттуу уйлордун сырткы келбетин,айлана тегерегин ондон тузоо.

Экология жана туруктуу өнүгүү Экологиялык демилгелер: Таштандыларды бөлүп алуу жана кайра иштетүү ишканасын(завод) Нарын шаарынын Карга-Жайлоо полигонунда ишке киргизуу. Шаар экосистемасын калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду иштеп,иригация жана ички арык тутумун жаныртып  ишке ашыруу.

 Коомдук коопсуздук: Милиция жана коомдук жерлерде видеокөзөмөл системасы үчүн каржылоону жогорулатуу, Нарын шаарында видеокамералардын санын көбөйтүү, укук коргоо органдарына ар тараптуу комок корсотуу.

Жараандардын катышуусу жана Ачыктык: Жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгү жөнүндө ачык маалымат системасын киргизүү. Актуалдуу проблемаларды жана демилгелерди талкуулоо үчүн жарандар менен  регулярдык жолугушууларды өткөрүү.Жашоочулар тарабынан сунушталган долбоорлорду,сунуштарды эске алуу менен,чечимдерди кабыл алуу.