Шаардын тазалыгын сактоо, жана тазалоо иш чараларды жургузуу, айлана чөйрөнү коргоо,
          жашылдандыруу, көрктөндүрүү:

- Токтогул шаарынын аймагын көрктөндүрүү, эс алуучу жайларда бак дарактардын көчөтүн
             отургузуу, көчөлөргө  гүлдөрдү  өстүрүү, күнөскана уюштуруу, кайрак жерлерге суу тартуу.

-    Экологияны сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-  Калктын тазалыкты сактоосу, катуу тиричилик таштанды калдыктарын чыгарууну уюштуруу,    
           түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; 

  1. Мектепке чейинки жана орто билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүү тармагы: Багыттын  максаттары:

   -       Окуучулардын толук, сапаттуу мектепке чейинки жана орто билим алуусу үчүн шарттарды түзүү

-         Жергиликтүү бюджеттин эсебинен билим берүү кызматкерлерин жана мугалимдерди социалдык жактан колдоо;

-         Окуучуларды окутуунун заманбап ыкмаларын алууда педагогдорго жана мугалимдерге колдоо көрсөтүү;

-         Колунда жок жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү окуучуларды тартуу жана колдоо көрсөтүү;

-         Балдар чыгармачылык үйүндөгү ийримдерде балдардын татыктуу билим алуусу үчүн шарттарды түзүү;

-         Шаар аймагында мектеп жана мектепке чейинки билим берүү имараттары менен камсыздоо;

3.Спорт жана туризм:
Багыттын максаттары:

-        Дене тарбиянын жана спорттун массалык мүнөзүн жогорулатуу, анын ичинде спорттун түрлөрүн, анын ичинде улуттук спортту өнүктүрүү, калктын жеке дене тарбиясын жана сергек жашоо образын калыптандыруу;

-         мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерин кеңири жайылтуу жана спорттук инфраструктураны жакшыртуу;

-         туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жеке жактар аркылуу жүргүзүүнү  жакшыртуу;

  1. Шаарыбыздын өнүгүшүнө:
    Багыттын максаттары:

 -         Жергиликтүү  денгээлде бюджеттик жана салык саясатын өркүндөтүү;

-         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук жана укуктук ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү

-         Токтогул шаарынын аймагынын болгон потенциалына, муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө баа берүү, шаардын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болуучу же тоскоолдук кылуучу факторлорду, ошондой эле  аларды өнүктүрүү келечектерин аныктоо;

-         Орто мөөнөттүү келечекке шаарды туруктуу өнүктүрүү максаттарын,  милдеттерин жана аларды чечүүгө багытталган иш чараларды коюу;

-        Шаардын аймагында инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;