“ЫНТЫМАК” саясий программасы:
- Биздин ураан :Өзгөрүү бизден башталат!
Башкаруу органы: Каракол шаардык бөлүмүнүн координатору Калмакиев Каныбек Турсуналиевич телефону: 0701610061Ынтымак партиясынын башкы идеологиясы Калктын ЫНТЫМАГЫ ийгиликтин кепилдиги!
Биздин алдыга койгон негизги иш аракеттер:
- Саясий багыт:
- Каракол шаарындагыбаардыксаясий күчтөрдүнжанаграждандыксектордунүнүнугупконструктивдүүсунуштарынэскеалуумененКаракол шаарынынӨнүктүрүү программасын КРмыйзамдарынаылайыкдемилгелөө.
- Каракол шаарынын аймагында жайгашкан инженердик тармактардын натыйжалуулугун баалоо механизмдерин иштеп чыгуу.
- «Таза шаар» программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
- Мэриянын ишинин натыйжалуулугун Каракол шаарынын тургундарына онлайн режиминде көрсөтүү.
- «Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк тууралу мыйзам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу.
- Экономикалык багыт:
- Бүгүнкү күндө Каракол шаарынын аймагында 6 муниципалдык ишкана бар, бирок иштин натыйжалуулугун (чыгым жана кирешелүүлүк ) эч ким билбейт, баалоо менен ушул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктай алабыз.
- Каракол шаарынын аймагында таштандыларды чогултуу жана таштанды ташуучу унаалар көйгөйүн чечүү үчүн таштандыларды кайра иштетип чыгаруучу ишкананы ишке киргизүү.
- 2019-жылдын 22-июлунда мыйзам негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында «Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк» жөнүндө №95 мыйзам кабыл алынган. Ушул мыйзам менен мамлекеттен каржылоону биргелешип чечүү үчүн мамлекет менен жеке сектордун мамилелерин жөнгө салууга болот. Ушул мыйзамдын колдонулушу менен бала бакчалардын көйгөйүн чечүүгө болот.
- Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетин даярдоодо жана бекитүүдө жарандык сектордун катышуусунда коомдук угууларды уюштуруу менен кабыл алат.
- Каракол шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында инвесторлорду тартуу, долбоорлорду ишке ашыруу, капиталдык салымдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү .
- Этно, эко жана спорттук туризмди өнүктүрүү
- Социалдык багыт:
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамынын негизинде Каракол шаарында бала бакчаларга видео байкоо тутумун орнотуу жана бала бакчаларды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.
- Коп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдө өсүп чоңойгон балдарга кесиптик билим алуусуна жана жумушка орношуусуна көмөктөшүү.
- Коп балалуу үй-бүлөлөрдү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматкерлерди ипотекалык негизде батирлер менен камсыз кылуу.
- Балдар үчүн көңүл ачуучу оюн-зоок борборлорду уюштуруу (атракциондор).
- Экологиялык:
- Каракол шаарынын жолдор, тротуарлар, жашыл аянтчалар жана сугат тутумдарынын инфраструктурасын өнүктүрүү.
- Саркынды сууларын тазалоо жана шаарда жайгашкан баардык үйлөрдү, ишканаларды саркынды суу чыгаруучу түтүкчөлөрүнө кошууну этаптуу түрдө ишке ашыруу
- Таштандыларды сорттоону уюштуруу.