Шаардык кеңештердин тизмеси >
Кызыл-Кыя шаардык кеңеши
>
Кыргызстандын "Таза коом" элдик саясий партиясы
“Таза Коом” элдик саясий партиясынын негизги максаты элдин турмуш деӊгээлин жогорулатууга, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, шаардын тазалыгын камсыз кылып көрктөндүрүүгө жана инвестицияларды тартууга жагымдуу климат түзүүгө, шаарды өнүккөн шаарлардын катарына кошууга багытталат.
- Көп улуттуу Кызыл-Кыя шаарыбыздын ынтымагын сактап өсүп –өнүгүүсү үчүн ак кызмат кылуу.
- Жергиликтүү бюджеттин ачык айкын бөлүнүшүн көзөмөлдөө.
- Шаар калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу
- Шаардагы медицина мекемелеринин заманбап медициналык аппараттар менен камсыздоого жетишүү.
- Билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн БАМ участкасындагы мектептин курулушунун бүткөрүлүшүнө жетишүү.
- Жаны бала бакчаларды ачуу. Мектептерди жана бала бакчаларды зарыл болгон эмеректер менен камсыздоого жетишүү.
- Шаарды газ менен толук камсыздоого жетишүү.
- Шаардагы жана шаарга караштуу айылдардын көчөлөрүнө асфальт төшөө.
- Жаӊы ишканалардын ачылышына көмөк көрсөтүү менен кошумча жумуш орундарын түзүү, жумушсуздардын санын кыскартуу багытында иштерди жүргүзүү.
- Жогорку жана орто билими бар жумушсуз кадрлардын базалык маалыматтарын түзүү (кадрлар резерви) жана жаш, билимдүү, кесипкөй кадрларды мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга тартуу.
- 16 жашка чейинки ар бир баланын мамлекеттик жөлөк пул алууга жетишүүсү үчүн талаптарды жеңилдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Жогорку Кенештин алдына талап коюу.
- Жол тыгындарын азайтуу, жарандардын турмуш тиричилигин жакшыртуу, жол коопсуздугун камсыздоо максатында коомдук транспорттун шаардын бардык аймагына жүрүүсүнө жетишүү (кошумча автобустарды сатып алуу).
- Калктын турак жайга муктаждыктарын чечүү максатында көп кабаттуу үйлөрдү курууга шарт түзүү.
- “Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга!”, шаар аймагына заманбап таштанды таштоочу контейнерлерди орнотуу жана техникаларды сатып алуу.
- “Жашыл шаар” урааны алкагында көчөлөргө көп жылдык бак дарактарды отургузуу, кичи сейил бактарын жана балдар ойноочу аянтчаларды ачуу.