1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Учар айылында туулган.
Билими: жогорку.
1996-2001-жылдары Ош технологиялык университетинин Юридикалык факультетинде окуган.
2014-2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" факультетинде билим алган.
Иш тажрыйбасы:
2002-жылы Спорт комитетине караштуу Ош шаарындагы №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу;
2007-жылы Спорт комитетине караштуу Ош шаарындагы №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;
2010-жылы Бокс жана оор атлетика боюнча мектебинин директору;
2011-жылы Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары дирекциясынын директору;
2012-жылы Ош шаарынын атайын адистештирилген автобазасынын башчысы;
2013-2014-жылдары Ош шаарынын Жүргүнчү транспорту агенттигинин директору;
2010-2012-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;
2012-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;
2018-2021-жылдары Бишкек шаарынын "EREM" спорт клубунун башкы машыктыруучусу.
2021-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.
Спорттогу жетишкендиктери:
2010, 2016, 2019-жылдары КР "Жылдын мыкты машыктыруучусу";
2015-жылы "Дүйнөлүк кубоктун" күмүш медалынын ээси, WAKO Россия, Анапа шаары;
2008-жылы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги;
2006-жылы Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (WFK);
2005-жылы Ош облусунун "Жылдын мыкты спортчусу";
2004-жылы “Азия чемпионатынын” күмүш медалынын ээси (WAKO);
2003-жылы Бокс боюнча КР Спартакиадасынын чемпиону;
2003-2008-жылдары "КРнын кикбоксинг боюнча VI жолку чемпиону";
2000-2010-жылдары "Эл аралык турнирлердин чемпиону (Украина, Марокко, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Корея);
2005-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын көптөгөн эл аралык класс спорт чеберлерин тарбиялайт (бокс жана кикбоксинг боюнча).
Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:
2004-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (С. Чырмашев);
2005-жылы Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (А. Артыков);
2006-жылы Кара-Суу районунун "Жылдын адамы" (М. Жумабеков);
2006-2008-жылдары Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (Ж.Исаков);
2008-жылы Ош шаардык билим берүү жана илим башкармалыгынын Ардак грамотасы (А.Балтабаев);
2008-жылы КРӨ алдындагы ФК жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (Б. Асанов);
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбиясынын отличниги (№ 321 буйрук);
2009-жылы КРӨ Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (№ 85 буйрук) (А. Воинов);
2009-жылы Жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (буйрук № 609) (М.Бакиров);
2010-жылы КРӨ алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (No 212-0 буйрук) (А. Касенов);
2011-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ардак грамотасы (Азирети Муфтий Чубак ажы Жалилов);
2012-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы № 304 буйругу (М. Мырзакматов);
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (К. Садыков);
2014-жылы Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, №103 буйрук (У. Примов).
Үй-бүлөлүү.