Токтокүчүк Мамытов 1953-жылы 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1979-жылы Пржевальск педагогикалык институтун, 1981 — жылы СССР КГБнын жогорку курсун, 1987 — жылы СССР КГБнын Кызыл Туу институтун аяктаган.
Аскердик наамы: КР КК Генерал-лейтенанты.
Окумуштуулук даражасы: саясий илимдердин доктору.
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, үч баласы бар.
Сыйлыктар: КРнын Ардак грамотасы; КРнын 48 ордени жана медалы (анын ичинде СССР, КМШ)
Эмгек ишмердүүлүгү:
1972-1974-Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1974-1975-Ысык-Көл ПМКСЫНЫН слесары;
1979-1980-Пржевальский горононун методисти;
1981-1992-Исык-Көл облусу боюнча ИСКГБ бөлүмүнүн оперкызматкери, Улук оперкызматкери, башчысы;
1992-УКМКнын Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысы;
1992-1997-КР Улуттук Коопсуздук Министрлигинин башкармалыгынын башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, башчысы;
1997-2002-жылдары- КР Улуттук Коопсуздук министрдин орун басары, башкармалыгынын башчысы;
2002-КР Коргоо министринин орун басары;
2002-2005-КР Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, биринчи орун басары;
2005-2007-жылдары-президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, президенттик аппараттын башчысы;
2007-2008-КР Коопсуздук кеңешинин катчысы;
2008-2009-КР президенттик администрациянын мамлекеттик кеңешчиси;
2009-КР Чек ара кызматынын төрагасы;
2010-2013-КР ЖК V чакырылышынын депутаты;
2012-2013-ЖК коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы;
2013 (январь-май)-КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
июнь 2013 -КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
июль 2013-апрель 2014-КР коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри;
2014-2015 - "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы;
2016-жылдын апрелинен тартып-Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы.
26-сентябрь 2018-жылы Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп шайланган.
2022-а.у.Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун саясий изилдөөлөр жана экспертизалар бөлүмүнүн башчысы.
УРААН: "Бизге керек өзгөрүүлөр.Келечекти аныктаган тандоо!”