Кыргызстандын эли жаңы өлкөнү түзүүгө тийиш, анда мамлекеттик система элдин кызматчысы–коомдун гүлдөп өнүгүшү үчүн укуктук жана институционалдык шарттарды түзүүчү инструмент болуп калат.

Бишкек шаарынын  Ленин  районун мыйзамдар жана өнүктүрүү программалары менен камсыздоо боюнча менин иш-аракеттерим:

Бюджеттик саясат-мамлекеттин ички мүмкүнчүлүктөрү менен чыгымдарынын ортосундагы тең салмактуулук, "өлгөн жандарды" жоюу, бюджеттик-программалык каржылоого өтүү, бюджеттик чыгымдардын ачык-айкындуулугу,карыз саясатын кайрадан кароо.

Билим берүү - атайын мектеп автобустары менен мектеп окуучуларына акысыз жүрүүгө этап менен өтүүнү уюштуруу,инклюзивдик билим берүүнү киргизүү, ДМЧ балдарга билим алуу үчүн мүмкүнчүлүк берүү, карыз саясатын кайра карап чыгуу.

Саламаттык сактоо-социалдык паспорттордун негизинде жарандардын социалдык аялуу категориясына акысыз медициналык жардам көрсөтүүнү мамлекеттик кепилдиктер программасында мыйзамдуу түрдө бекитүү.

Энергетикалык система-жоготууларды кыскартуу, тармакты техникалык жактан кайра жабдуу, энергиянын альтернативдүү булактарын колдоо жана экологиялык жактан коопсуз жана экономикалык жактан натыйжалуу технологияларды тартуу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн энергияны үнөмдөө фондун түзүү, коңшу өлкөлөр менен сууну пайдалануу жана сууга акы төлөө маселелерин жөнгө салуу.

Ушундай эле түпкү чечимдер сот жана укук коргоо системасынын ишмердүүлүгүнүн маселелери, экономиканын өсүшү жана элдин бакубаттуулугу, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери болуп саналат.