«Келечек 4.0»
БИЗДИН ОЙ ЧАБЫТ:
Кыргызстан – көз карандысыз, коомчулуугу эркин, өнүккөн, жашыл-инновациялык экономикасы жана экологиялык агро-өнөр жайы бар, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу орду бар өлкө.
Биздин программанын жети багыты:
- Элдин жыргалчылыгын камсыздаган-мамлекет;
- Инновациялык-өлкө;
- Жашыл экономика;
- Түрмөсү жок-өлкө;
- Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун;
- Эркиндик;
- Элдик бийлик.
- Элдин жыргалчылыгын камсыздаган- мамлекет
Жарандардын материалдык жана ички дүйнөсүнүн бакубаттыгы.
- Билим берүү жана маданий программаларга каржылык жактан жардам берүү;
- Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына (жумушсуздарга, пенсионерлерге, майыптарга) колдоо көрсөтүү;
- Үй-бүлөгө, ата-энеге, балага колдоо көрсөтүү;
- Эмгекти жана элдин ден-соолугун коргоо;
- Кирешени кайра бөлүштүрүү аркылуу социалдык теңсиздикти жөнгө салуу;
- Элдин биримдиги.
- Инновациялык өлкө
Жаңы идеялар.
- Прикладдык илимди жана чакан бизнестерди өнүктүрүү;
- КРнын бардык аймактарын 5G интернет менен камсыз кылуу. IT технологияны өнүктүрүү;
- Инновациялык агымды жандантуу системасын түзүү;
- Технологиялык өнүгүү;
- Жогорку технологиялык өндүрүмдү, жогорку кошулган баа менен чыгаруу;
- Илимий окумуштуулар жана ойлоп табуучулардын интеллекти аркылуу киреше табуу;
- Интеллектуалдык менчикти коргоо;
- IT технологиялык аянтчасын түзүү;
- Криптовалютаны киргизүү.
- Жашыл экономика
Кыргызстан - экологиялык таза продукцияны өндүрүү боюнча регионалдык борбор.
- Азык-түлүктөрдү жана керектелүүчү товарларды экологиялык жактан таза өндүрүү;
- Энергиялык эффективдүүлүк жана анын жоготуусун азайтуу;
- Сууну үнөмдөө;
- Альтернативдик энергия чыгаруучу булактарды өнүктүрүү;
- Электроунааларды өнүктүрүү;
- Калдыктарды азайтуу жана кайра иштетүү.
- Түрмөсү жок - өлкө
Укук бузуулар болбош үчүн алдын алуу иш-чаралар.
- Шектүү өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө үчүн мүмкүнчүлүк алган укуктук система;
- Көз карандысыз сот системасы;
- Коомдогу басмырлоодон жана жарандарды адилетсиздиктен коргоо;
- Коомдогу баалуулуктарды баалоо жана коргоо;
- Ийгиликтүү болуш үчүн – өзүн-өзү өнүктүрүүдө бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк;
- Аймактарда жаштарды иш менен камсыз кылуу. Жумушсуздук менен күрөшүү;
- Спортту жана пайдалуу эс алууну өнүктүрүү;
- Бизнес инкубаторлор институттары жана орто муундар үчүн билим берүү борборлору.
- Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун
Эки тараптуу сый мамиле жана ийкемдүү кызматташтыкта түзүлгөн көп багыттуу тышкы саясат.
- Өлкөнүн ИДӨмүн 5 жылда эки эсе көбөйтүү;
- Аймактагы логистикалык борборлор;
- Эл аралык авиахабды түзүү;
- Тышкы жана ички коопсуздукту камсыздоо;
- Экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугу;
- Экспортко багытталган өндүрүш.
- Эркиндик
Жарандык эркиндик.
- ЖМК эркиндиги;
- Ой жүгүртүү, дин тутуу жана сөз эркиндиги;
- Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын эркиндигин коргоо;
- Экономикалык эркиндиктер;
- Салыктык жүктү кыскартуу;
- Салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүн жогорулатуу.
- Элдик бийлик
Эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн!
- Жетекчилерди адилетүү жана атаандаштык жолу менен дайындоо;
- Бийликтин ишинин эффективдүүлүгүн баалоо критерийлерин киргизүү;
- Өкмөттүн элге отчет берүүсүн камсыздоо;
- Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы;
- Жемкорлуктун себептерин жоюу;
- Өкмөттү оптимизациялоо;
- Электрондук башкаруу;
- Административдик аймактык реформа;
- Жергиликтүү коомчулуктун активдүүлүгүн жогорулатуу.
“Келечек 4.0” – дүйнөлүк бийиктикте болуш үчүн, мезгилден алдыга өтүүчү программа!
Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):
- Съезд 2. Партиянын саясий кеңеши 3. Партиянын төрагасы
Саясий партиянын жаштар уюму:
“Замандаш” СП жаштар комитетинин төрагасы Ишенбаев Ислам Рыскелдиевич
Партиянын девизи:Чыныгы реформа элдин бийлиги менен ишке ашат!